Патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулду — Эми ишкерлер салыктын кайсы түрүнө өтүшөт?

Sputnik
1-июлдан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода иши токтотулду. Ага ылайык ишкерлер жалпы салык режимине же жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасына өтөт. Бирок аларда салыктын режимин тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле ишкерлер салык отчётторун тапшыруудан бошотулуп, жылына бир жолу декларация тапшырары айтылды. Мындан тышкары өзгөчө салык режими бар. Ага стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана "Тураталы эл базары" ("Кара-Суу") өттү. Алар ККМ аппаратын колдонушпайт.
Анткени көбүнчөсү экспорт-импорт менен иштешерин Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева айтты.