Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын негизделгенине быйыл 85 жыл толду. Быйыл сүрөт искусствосунун чеберлерин даярдаган окуу жайдын абалы, көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу сөз болду. Эмнеге Кыргызстанда көркөм сүрөт өнөрүнө кызыккан жаштар аз? Сүрөтчүлөр кантип жан багат? Эл аралык конкурстарда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн орду кандай бааланат?
Ушул сыяктуу суроолорго Семен Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жетекчиси Болотбек Жунушов жооп берди.