Вэнс: Трамптын жеңиши АКШнын айрым союздаштары үчүн жоопкерчиликти арттырат

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңсе, АКШ зарылдык жаралбаса согуштарга катышпайт жана коопсуздук жаатында финансылык милдеттенмелерин аткарбаган союздаштары үчүн акчаны ыксыз төлөбөйт. Бул туурасында Кошмо Штаттардын вице-президенттигине талапкер Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости жазды.
"Биз балдарыбызды согушка жөнөтүшүбүз керек болгондо гана жиберебиз. Эгерде биз сокку урсак, анда аны катуу урууга даяр болобуз", — деген Вэнс республикачылардын съездинде.
Ал Американын союздаштарынын коопсуздук үчүн жоопкерчилигин бөлүшүүсүнө мезгил жеткендигин да белгилеген.
"Биздин союздаштар коопсуздук үчүн жоопкерчиликтин жүгүн бөлүшүүсүн биргелешип камсыздайбыз, америкалык салык төлөөчүлөрдүн берешендигин кыянаттык менен пайдаланган үчүн эми эч кимге даяр оокат болбойт", — деп кошумчалаган ал.
Трамп вице-президенттикке талапкер катары Вэнсти көрсөттү. Дайын-дареги