Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Сүрөт

Форумдар сарайында өткөн аземге биринчи айымдар да барышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл.— Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.
1 / 8

Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты

2 / 8

Ташкенттеги Форумдар сарайында өткөн аземге эки лидердин жубайлары Айгүл Жапарова Зироатхон Хошимова да барышты

3 / 8

Кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну коюлду

4 / 8

Сахнадагы бийчилер

5 / 8

“Ак марал” бий ансамбли “Эргиме” хореографиялык композициясын тартуулады

6 / 8

Эки улуттун музыкалык аспаптары жаңырды

7 / 8

Артисттердин өнөрү кол чабуулар менен коштолду

8 / 8

Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү 22-июлга чейин созулат

Ташкенттеги Форумдар сарайында өткөн аземге эки лидердин жубайлары Айгүл Жапарова, Зироатхон Хошимова да барды.
Программанын алкагында жогорку даражалуу меймандар үчүн гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну коюлган.
Ошондой эле Нурдин Түгөлов атындагы кыргыз мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланып, Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.
Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү 22-июлга чейин созулат.
Садыр Жапаровду Ташкент кантип тосуп алды? Сүрөт, видео