Садыр Жапаровду Ташкент кантип тосуп алды? Сүрөт, видео

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан) барды.
Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.
Кыргызстандык делегациянын курамында биринчи айым Айгүл Жапарова, 10 министр, алты ведомство жетекчиси, башкы прокурор, Бишкек шаарынын мэри жана беш облустун жетекчилери бар.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан) барды

2 / 5

Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду

3 / 5

Аба майданга килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди

4 / 5

Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды

5 / 5

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө

Аба майданга килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.
Садыр Жапаров Өзбекстанга жөнөп кетти. Коштогон делегациянын курамы