ЖОЖдордо мугалимдик кесиптерге кабыл алууда босого балл жогорулады. Бул тууралуу Айнура Асан кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, педагогика факультеттериндеги гранттык орундарга кабыл алууда босого балл былтыр 115 болгон, быйыл ал 120га көтөрүлдү.
"Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТда жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Катышкандардын 60 пайыздайы 115 баллдан жогору алды. Орточо баллдын суммасы дагы былтыркыдан жакшы. Өзгөрүүлөргө токтолсом, акыркы эки жылда педагогика кесиптерине кабыл алууда гранттык орундар үчүн босого балл 115 болчу, быйыл 120га көтөрүлдү. Ал эми келишимдик негизде окуй тургандар үчүн босого балл быйыл 115ти түздү. Бул негизги тест боюнча көрсөткүчтөр. Ал эми предметтик тесттер өзгөргөн жок, баягы боюнча эле калды. Эмнеге көтөрүлгөнүн айтсам, биринчиден, педагогдордун аброюн жогорулатуу үчүн мамлекет атайын саясат жүргүзүп жатат. Экинчиден, ЖРТда жалпы көрсөткүчтүн быйыл деңгээли бийик. Үчүнчүдөн, Мугалимдердин маянасы көтөрүлдү, бул багытта окугандардын стипендиялары жакшырды жана башка ушул сыяктуу жагдайлар түрткү болууда. Мунун баары мугалимдик кесиптин аброюн арттыруу аракети", — деди Асан кызы.
Ошондой эле ал былтыркы окуу жылында жалпы 6000 гранттык орун бөлүнсө, быйыл ага 4000 кошулганын белгиледи.
Тема боюнча: