Лавров БУУдагы отурумдун жыйынтыгы менен маалымат жыйын өткөрдү. Урунттуу учурлар

РФтин ТИМ башчысы Батыш Зеленскийдин ультиматум өңүтүндөгү "тынчтык планын" басууга багыт алганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги отурумдун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.
РИА Новости андагы айтылган маанилүү учурларды тизмектеди:
Россия менен АКШ саясат таануучулардын катышуусунда Украинадагы чатакка байланыштуу маселелерди талкуулаган, коомчулукка чыкпаган "экинчи жол" боюнча байланыш иштерин жүргүздү;
Украина кризисин жөнгө салууда "чындыкка жакын кырдаалдар" эске алынышы керек, анткен менен согушту бүтүрөбүз десек, ириде Батыш Киевди тишине чейин куралдандыруусун токтотушу зарыл;
Батыш Владимир Зеленскийдин ультиматум өңүтүндөгү "тынчтык планын" басууга багыт алды;
Бучада каза тапкандардын тизмесин эч ким Россияга берүүгө ашыккан жок;
Россия Украина боюнча жана Европадагы коопсуздук маселелери жаатында сүйлөшүүлөргө даяр;
Эгерде Батыш эсине келип, ойлонуп, "баарынан мен кыйынмын" деген нерседен өтсө, мындай диалог болушу мүмкүн, бирок "Москва эч кимдин артынан чуркабайт";
Россия АКШны баш кылып бөлөк мамлекеттердин ишине кийлигишпейт;
Москва "Түндүк агым" газ куурларынын жардыруунун изилдениши боюнча чындыкка жетет.
Россия 1-июлдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылууда.
Лавров БУУ жыйынында: АКШ Украина менен Газадагы жаңжалдын катышуучусу