Радио

Кыргыз кыздары үчүн ММА спортуна аралашып, ишенимге кирүү кыйын

ММА боюнча кесипкөйлөр арасында эң жаш дүйнө чемпиону, тай боксу боюнча спорттун чебери Алмагүл Жоробекова Кыргызстандын атынан UFC, OneFC сыяктуу ири ММА уюмдарында беттеш өткөрүп, чемпион болгусу келерин айтты.
Sputnik
Кыргыздардын менталитетин эске алганда кыздар үчүн ММА спортуна аралашып, жакын адамдардын ишенимине кирип, мелдештерге катышуу оор. Бул тууралуу Алмагүл Жоробекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ММА спортунда кыздар арасында эркектерге салыштырмалуу атаандаштык жогору болбогондуктан тез убакытта жакшы көрсөткүчтөргө жетүүгө болот.
"Мен Алайдын Гүлчө айылында төрөлүп, өстүм. Иним тай боксу менен машыгып, аны көрүп мен да кызыгып кеткем. Спорт менен 13 жашыман тарта машыгып баштадым. Бирок ата-энем, жакындарым каршы болуп, башка кесип тандашымды айтышты. Кыргыздардын менталитетин эске алганда кыздар үчүн ММА спортуна аралашып, жакын адамдардын ишенимине кирип, мелдештерге катышуу оор экен. Ага карабастан мелдештерде ийгилик жаратып, жетишкендиктер боло баштаганда макул болушту. Учурдагы ийгиликтеримди эске алып, чет өлкөлүк уюмдардан чакыруулар келе баштады. Машыктыруучуларым, менеджерим менен кеңешип, туура чечим чыгаруу керек. Негизи Кыргызстандын атынан UFC, OneFC сыяктуу ири ММА уюмдарында беттеш өткөрүп, чемпион болгум келет. Бул спорт чынында оор, көп кыйынчылыктары бар", — деди Жоробекова.
Ошондой эле ал Кыргызстанда спортук менеджерлер, агенттер көбөйсө жаш спортчулар үчүн көп мүмкүнчүлүктөр ачыларын кошумчалады.