Көлдөгү жол кырсыгы. Көз жумгандар Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Өрнөгүндөгү жол кырсыгынан каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси экени айтылды. Маалыматты жакындары тастыктады.
Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-июль күнү саат 11де Ош шаарында болот.
Кырсык кечээ саат 19:00дөр чамасында болуп, Toyota Avensis (маркумдар ушул унаада болгон) менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшүп, үч адам каза болгон.
Облустук милиция билдиргендей, чыгыштан батышка көздөй баратып кайрылып жаткан Toyota Avensis унаасын артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 сүзүп алган. Экинчи машинаны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бараткан.
Нарында микроавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты