Жапаров менен Мирзиёев Кыргызстандагы биринчи автозаводду ачышты

Жарандар ата мекендик автоунааларды жеңилдетилген кредит менен "Элдик Банк" жана "Айыл Банк" банктары аркылуу сатып ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чүй районунун Ак-Суу айылында жеңил, жүк ташуучу жана автобустарды чыгарууга адистешкен биринчи ата мекендик "Тулпар Моторс" автозаводун расмий ишке киргизүү аземи болду.
Салтанат видеобайланыш аркылуу президенттер Садыр Жапаров менен Шафкат Мирзиёевдин катышуусунда башталды. Алар заводдун ишин баштоого расмий старт беришти.
Заводдун ачылышы Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мүмкүн болду.
Коңшу республикадан бардык тетиктер жана жыйырмадан ашык автомобиль моделдерин жыйноо үчүн Кыргызстанга жөнөтүлүп турат.
1 / 3

Заводдун ачылышы Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мүмкүн болду

2 / 3

Коңшу республикадан бардык тетиктер жана жыйырмадан ашык автомобиль моделдерин жыйноо үчүн Кыргызстанга жөнөтүлүп турат

3 / 3

Завод алгачкы жылдары 10 миң даана техника, андан кийин 30 миң даанага чейин чыгарууну пландаштырууда

Завод алгачкы жылдары 10 миң даана техника, андан кийин 30 миң даанага чейин чыгарууну пландаштырууда.
Жарандар ата мекендик автоунааларды жеңилдетилген кредит менен "Элдик Банк" жана "Айыл Банк" банктары аркылуу сатып ала алышат.
Минималдуу баштапкы төлөм кредиттин суммасынын 20 пайызын түзүп, жылдык ставкасы 8 пайыз болмокчу.
Садыр Жапаровду Ташкент кантип тосуп алды? Сүрөт, видео