Ысык-Көлдүн Өрнөгүндөгү жол кырсыгы үч кишинин өмүрүн алды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшүп, жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Кырсык кечээ саат 19:00дөр чамасында болгон.
Каза болгондордун бирөө аял киши, жаракат алгандардын саны такталууда.
Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Милиция Бостеридеги үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайын айтты