Өрнөктөгү үрөй учурган жол кырсык. Дагы эки өспүрүм ооруканадан үзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында болгон жол кырсыктан улам дагы эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн эртең менен реанимацияда 2010-жылкы Б.К.(бала) жана 2015-жылы туулган М.К.Н.(кыз) көз жумган. Экөө тең оор жаракат алышкан.
Бул балдар да Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси бара жаткан Тойота үлгүсүндөгү унаада болгон. Ошентип беш адам, Касымалиеванын ата-энеси жана алардын үч небереси кырсыктын курмандыгы болду.
Эске салсак, кырсык кечээ саат 19:00дөр чамасында болуп, Toyota Avensis (маркумдар ушул унаада болгон) менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшүп, үч адам каза болгон.
Облустук милиция билдиргендей, чыгыштан батышты көздөй баратып кайрылып жаткан Toyota Avensis унаасын артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 сүзүп алган. Экинчи машинаны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бараткан.
Нарында микроавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты