Ысык-Көлдө эс алуучуну катер коюп кетип каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө адамды катер коюп кетип көз жумду. Бул тууралуу облустук ишки иштер башкармалыгы билдирди.
15-июлда Ысык-Көл райондук ооруканасына бир адам эс учун жоготкон абалда түшкөнү кабарланган. Жерине милиция кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын териштирген. Белгилүү болгондой, скутердин кожоюну 32 жаштагы М.Б. аттуу Ысык-Көл районунун тургуну болгон. Ал эми кырсык учурунда аны 18 жаштагы А.А. башкарып бараткан.
"Кара-Ой айылында саат 18:25терде болгон кырсыктан Казакстандын 42 жаштагы К.Б. аттуу жараны жабыркаган. Тилеке каршы, ал 16-июль күнү жандандыруу бөлүмүндө көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 127 (Шалаакылыктан өлүмгө алып келген) жана 311-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча иш козголду.
Ысык-Көлдөгү айрым аттракциондордо коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталды