Чолпон-Атада белгилүү патрулдук милиционерди машина коюп кетти. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Мирлан Таалайбековду Чолпон-Атада унаа коюп кетти. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.
Кырсык инспектор жол жээгинде кызмат өтөп жатканда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, анын мээси чайкалып, колу сынган.
Таалайбеков Бишкектеги Кайгуул милициясынын соцбаракчаларына жол эрежесин бузган айдоочулардын видеолорун жарыялап келет. Ал туристик сезондо Ысык-Көл облусуна жөнөтүлгөн.
Көлдөгү жол кырсыгы. Көз жумгандар Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды