Ысык-Көлдөгү айрым аттракциондордо коопсуздук эрежелери сакталбаганы аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы аттракициондор пландан тышкары текшерилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактык инспекторлор Каракол лыжа базасында жайгашкан асма жол, Чолпон-Атадагы парктын оюн зоок аттракциону жана Бостеридеги аквапарк, "Күн дөңгөлөгү", "Амерканские горки" оюн зоок аттракциондору текшерилген.
"Жыйынтыгында аттракциондордун паспорттору, эксплуатациялоо боюнча инструктаж, техникалык тейлөө боюнча нускама, коопсуз иштетүү үчүн аттестацияланган жооптуу адамдар, колдонуучулар үчүн маалымат такталар жок экендиги аныкталып, кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөткө эскертүү берилди", — деп жазылган маалыматта.
Аттракциондун кожоюндарына кемчиликтер четтетилбесе чара көрүлөрү жана коопсуздук эрежелерин кынтыксыз аткаруу керек экендиги эскертилген.
Чолпон-Атада парашют сүйрөгөн катерлердин ишине убактылуу тыюу салынды