УКМК 1,8 млрд. сомдук кенди мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүүдө

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жер тилкесине тиешелүү уруксат кагаздары берилген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы 196 гектар аянтты ээлеген карьерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Баалоого ылайык, бул кендин рыноктук баасы 1 миллиард 782 миллион 656 миң сомду түзөт.
"Кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн мыйзамсыз иштетилген. Жер тилкесин берүү процедурасы жүргүзүлбөй, тиешелүү уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Учурда кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", — деди УКМК.
Акылбек Жапаров: алтындын кымбатташы кендерди иштетүүгө шарт түзүүдө