Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми 3 саатта алса болот. Жол-жобосу

Ички иштер министрлиги менен биргеликте соттолбогондугу боюнча маалымкатты ыкчам берүү кызматы ишке киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үч сааттын ичинде алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул кызмат Ички иштер министрлиги менен биргеликте ишке ашырылган. Ал үчүн Tunduk тиркемеси же электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан "адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү" кызматын тандап, арыз калтыруу керек.
Арызды каттоо үчүн:
маалымкат берген жер тандалат;
телефон номерди жазуу керек;
аты-жөнү өзгөртүлгөн же өзгөртүлбөгөнүнө жооп берүү шарт;
шашылыш кызмат берүүнү тандоо зарыл;
"Билдирме калтырууну" басуу.
Даяр маалымкатты эки жол менен алса болот:
ИИМден "маалыматтык документ" жеке кабинетке, Telegram мессенджерине жана электрондук почтага жөнөтүлөт;
маалымкат берилген жерге паспорт жана басып чыгарылган "маалыматтык документти" ала баруу керек.
Кызматтын баасы — 1090 сом. Арыздар саат 9:00дөн 14:30га чейин кабыл алынып, ошол эле күнү саат 18:00гө чейин алууга болот.
Мындан тышкары, бул кызматты төмөнкү тартипте да алса болот:
бир күндө, баасы 191 сом;
үч күндө, баасы 86 сом.
Салык боюнча отчетторду кантип автоматтык түрдө түзсө болот? Түшүндүрмө