Президент менен УКМК башчысынын атын айтып 80 миң доллар алган адам кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент менен УКМК төрагасынын атын жамынып бирөөнүн ири суммадагы акчасын алып кетти деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
46 жаштагы Т.А. акча алчу кишисине өзүн президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы катары тааныштырган.
"Шектүү февралда кылмыш иши боюнча материалдык зыяндын ордун толтурууга жардам берүүнү убадалап, жабырлануучудан 80 миң доллар алган. Акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ аталган жарандан жабыркагандар болсо 0707 868 668, 0701198219, 0779 443 455 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнгөн. Мындан тышкары, ИИМдин КИББинин нөөмөт бөлүгүнүн 0312 266 261 номерине да чалууга болот.
УКМК: чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып акча талап кылгандар кармалды