Арстан Алайдын өлүмү боюнча №31 колониясынын беш кызматкерине айып коюлган

Коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаевдин каза тапканы 5-январда белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. №31 түзөтүү мекемесинде көз жумган Арстан Абдылдаевдин өлүмү боюнча беш адамга айып тагылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын бирөө тергөө учурунда каза болуп калган.
"Алар шалаакылыкка айыпталууда. Иштин материалдары Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаевдин абакта каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан. Тиешелүү экспертизалардын бардыгы дайындалып, Юстиция министрлиги атайын комиссия түзгөн. Ал эми 11-январда Башкы прокуратура тиешелүү кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгогонун маалымдаган.
Арстан Абдылдаевдин өлүмү. Зулушев түзөтүү мекемесинде инструкция болбогонун айтты