Акыйкатчы институту: Ошто сел агызып кеткен аялдын артында жети баласы калды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ошто сел агызып, сөөгү эки күндөн кийин Өзбекстандан табылган аялдын артында жети баласы калды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын алтоосунун жашы жете элек.
Укук коргоо уюмунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүп жатканын белгилешти.
14-июлда Ак-Буурадан суу ташып беш адамды сел алып кеткен. Анын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү — энеси жана кыздары болгон.
Ошто сел агызып кеткен 39 жаштагы аялдын сөөгү Өзбекстандан табылды