ЖМК: Израиль парламенти Палестина мамлекетин түзүүгө каршы добуш берди

Документти 68 киши колдосо, тогузу макул эместигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Израиль кнессети (парламент) Палестина мамлекетин түзүүгө каршы резолюция үчүн добуш. Бул туурасында РИА Новости Times of Israel басылмасына таянып билдирди.
Аталган документти 68 киши колдосо, тогузу макул эместигин билдирген. Анда аталган мамлекетти түптөө ал тургай Израиль менен сүйлөшүүлөрдү жөндөө жолдорунун алкагында "толук четке кагылары" айтылган.
"Израиль кнессети Иорданиядан тарта батышты карай палестин мамлекетин түзүүгө чечкиндүү каршы чыгат. Палестина мамлекетин түптөө... Израиль жана анын жарандары үчүн жок кылуучу кооптуулукту түзөт. Израиль-палестин чатагын кылымга калтырып, аймакты чайпалтат",— деп жазылган резолюцияда.
2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде жарандык буталарга кол салууларды камтыган "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 37 миңден ашуун адам каза болуп, 86 миңге жакыны жаракат алган.
Газа тилкеси эки бөлүккө — түштүк жана түндүккө бөлүнүп калды, ал эми Израиль ХАМАСтын соңку таянычы деп эсептеп, Рафахта согуштук операцияларын жүргүзүүдө.
БУУ: Израиль Газада адамзатка каршы бир нече кылмыш жасады