Медиктер акысыз карайт. "Дордой" базарында эки мобилдик клиника иштеп жатат

Базарга келген адамдар же базарда иштеген адамдар эртеңкиге чейин гепатит жана башка ооруларга текшерилсе болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой" базарында калкка акысыз медициналык кызмат көрсөткөн эки мобилдик клиника иштеп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал жактан базарга келген адамдар же базарда иштеген адамдар эртеңкиге чейин (19-июлга чейин) гепатит жана башка ооруларга текшерилсе болот.
Мобилдик клиникалар төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
Жалпы практикалык дарыгердин жана акушер-гинекологдун консультациясы;
АИВ, В жана С вирустук гепатиттерине, сифилиске тестирлөө;
Ички органдардын УЗИси;
АИВ жана сифилис инфекциясын алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштери;
Вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат.
Мобилдик клиникалар 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Көчмө клиникада дарыгерлер күнүнө 80ге жакын адамды кабыл ала алат. "Дордой" базарынан кийин көчмө клиника Сокулук районунун Шопоков шаарына барат.
МРТ, компьютердик томографияга эми Улуттук госпиталдан да түшсө болот. Баасы