Радио

Исмаилов: дары чөптөрдү кайра иштетүү каралууда

Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, фармацевтика илимдеринин доктору Исабек Исмаилов Кыргызстандагы дары чөптөрдөн дары жасап экспорттоо иши тууралуу айтып берди.
Sputnik
Дары чөптөрдү туура чогултуп, кургатып, сактаса сапаттуу дары даярдалат. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул чөптөр ар түрдүү убакта жыйналат. Бирин гүлдөгөн, мөмө байлаган мезгилде, кээсин гүлү түшкөн учурда чогултуп алуу керек.
"2024-жылдын 5-мартында дары өсүмдүктөрдү өстүрүү жана аны сыртка экспорттоо туурасында министрлер кабинетинин 78-тескемеси чыккан. Анын негизинде мекемелер аралык жумушчу топ иш алып барууда. Алгач мамлекет үчүн артыкчылыкка ээ өсүмдүктөрдү тактап, аларды кайра иштетип экспорттук деңгээлге чейин алып чыгуу максаты коюлган. Кыргызстандын климаттык шарты ар кандай өсүмдүктөргө бай. Арасында пайдалуусу да, уулуусу да бар. Андыктан аларды илимий жактан тактап, кайра иштетүүнүн үнөмдүү жактарын иликтеп, анан атайын программа иштелип чыгат. Жаратылыштагы өзүбүздүн өсүмдүктөрдү сарамжалдуу колдонуу зарыл. Бардык чөптү өз убагында туура жыйнап, кургатып, сактоону билүү зарыл. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр бар, аларды жоготуп албоо керек. Бул анын дарылык касиети үчүн маанилүү", — деди Исмаилов.
Адис синтетикалык дарыга караганда табигый дары чөптөн жасалган дарыны организм жеңил кабыл аларын кошумчалады.