Байден Масктан чарчагандыгын жар салып, анысына да жооп алды

АКШнын лидери "шайлоону сатып алууга аракет кылган Илон Маск менен анын байманалуу досторунан чарчагандыгын" айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден X социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Илон Маскты ноябрда өтө турган президенттик шайлоону "сатып алууга аракет кылып жатат" деп күнөөлөдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Байден "шайлоону сатып алууга аракет кылган Илон Маск менен анын байманалуу досторунан чарчаганын" билдирген.
Президент өзүнүн постторунун бирине Демократтардын акча чогулткан сайтын тиркеп койгон. Порталдын баракчасынан Маск менен президенттикке талапкер Дональд Трамптын сүрөттөрүн көрүүгө болот.
"Мен анын (Байдендин - ред.) башында бекер жашап келем", — деп Маск коомчулуктун алдында ага жооп берген.
Бизнесмен буга чейин Байден X социалдык тармагынын көрүүчүлөр катышкан платформасында өтчү дебатка эч качан макул болбостугун жазган эле.
Илон Маск Трампты АКШнын президенттигине мыкты талапкер деп атады