19-июлга карата аба ырайы

19-июлга караган түнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кээ бир өрөөндөрдө жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +31...+33 градус болсо, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +23...+25 градуска жетет.
Акыйкатчы институту: Ошто сел агызып кеткен аялдын артында жети баласы калды