Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Жаңылыктар менен тааныштырып студияда Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы!Бул чыгарылышта: Бишкекте бир суткада таштанды үчүн млн сомдук айып салындыАКШнын президенти кайрадан коронавирус жуктуруп алганы кабарландыЖапаров менен Мирзиёев Кыргызстандагы биринчи автозаводду ачышты. Алдыда кененирээк. Чүй районунун Ак-Суу айылында жеңил, жүк ташуучу жана автобустарды чыгарууга адистешкен биринчи ата мекендик "Тулпар Моторс" автозаводун расмий ишке киргизүү аземи болду. Салтанат видеобайланыш аркылуу президенттер Садыр Жапаров менен Шафкат Мирзиёевдин катышуусунда башталды. Алар заводдун ишин баштоого расмий старт беришти.Заводдун ачылышы Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мүмкүн болду. Коңшу республикадан бардык тетиктер жана жыйырмадан ашык автомобиль моделдерин жыйноо үчүн Кыргызстанга жөнөтүлүп турат.
Кыргызстан менен Грузия бир катар тармактарда кызматташа алат. Бул тууралуу саясат таануучу Алина Молдокеева "Грузиянын геосаясий диверсификациясындагы Борбордук Азиянын ролу" аталышындагы видеоконференцияда сүйлөп жатып билдирди. Эксперттин айтымында, СССР учурунда Кыргызстан жүзүм өстүрүү боюнча бай тажрыйба топтогон. Кийин "кургак мыйзам" учурунда республикадагы жүзүмдүн баары кыйылган. Кыргызстан дүйнө жүзүнө таанымал грузин шарапчыларынан тажрыйба алса болот. Молдокееванын пикиринде, грузин дыйкандарынан цитрус жемиштерин өстүрүүнү үйрөнсө болот. Анткени өлкөнүн айрым аймактарында бул өсүмдүккө ылайыктуу шарттар бар. Ал эми Кыргызстандын алтын өндүрүү жана аны иштетүү мүмкүнчүлүктөрү Грузияны кызыктырышы ыктымал. Эксперт фармацевтика тармагында дагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарыл экенин белгиледи.
Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык инспекция тарабынан борбор калаада көрктөндүрүү эрежелери сакталбаганы үчүн 1 млн 088 миң сомго 81 протокол түзүлдү. Анын ичинде Октябрь району боюнча 301 миң сом, Ленин районунда 275 500 сомго, Биринчи май районунда 263 500 сом, Свердлов районунда 248 000 сом айып салынган. Мэрия таштанды таштоочу жайларга видеокамераларды орноткон. Мындай кадам Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 115-беренесине ылайык жасалууда. Бул берене «Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө» деп аталат. Тартип бузгандар административдик жазага тартылат.
АКШнын президенти Жо Байден үчүнчү жолу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады. Оору жеңил өтүп жатканы жана буга чейин Байден бардык зарыл эмдөөлөрдөн өткөнү кабарланды. 81 жаштагы Байден 17-июль күнү Лас-Вегастагы шайлоо алдындагы иш-чарада сөз сүйлөмөк, бирок коронавируска байланыштуу ага катышкан жок. Жан-Пьердин айтымында, изоляция учурунда президент Делавэр штатындагы үйүндө болуп, «өз милдеттерин аралыктан толук аткарып турат». Бул Жо Байденде COVID-19 аныкталган алгачкы учур эмес. Буга чейин ал 2022-жылы июлда коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 95 тыйынга 1 евро 92 сом 96 тыйынга 1 рубль 96 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 65 сом 40 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 90 тыйындан тарта, 74 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 73 сом 80 тыйындан, 74 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА-ЫРАЙЫ19-июлга караган түнү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Кээ бир өрөөндө жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +30...+35, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот. Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күндүн табы +31...+33 градус болсо, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.