Вакцинадан баш тартуу чоңдордун өмүрүнө коркунуч жаратуучу бир топ ооруну шарттайт

Sputnik
Эмдөө календары боюнча 13 инфекцияга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Бул өлкө аймагындагы бардык бетапканаларда бекер жасалат. Ал эми чоңдорго АДС-М вакцинасы сайылат. Бул кептөөр жана сенек ооруларына каршы. Жаш балдардан айырмаланып чоңдордо бул оорулардын кездешип калышынын кооптуулугу маектин жүрушүндө айтылды. Өкүнүчтүүсү көптөр эмдөөлөрдү унутта калтырып же баш тартып албай коюшат. Жалпы эмдөөдөн баш тарткандардын саны азыр 20 миңге жетти. Бул жыл сайын көбөйүүдө.
Бул башка жугуштуу оорулардын чыгышына да себеп болуп жатканын Айчүрөк Макилова айтты.