Кыргызстандын жашылча-жемиштеринин экспорту — ЕАЭБдин кайсы өлкөлөрүнө көбүрөөк жөнөтүлөт?

Sputnik
Кыргызстан өзүндө өстүрүлгөн, өндүрүлгөн азыктарын башка өлкөлөргө эспорттоп келет. Алардын арасында жашылча-жемиштер дагы бар. Өлкө ЕАЭБке киргени дыйкандар өз түшүмдөрүн башка мамлекеттерге түз сатууга оңой болуп калды. Кыргызстандан тышкы рынокко алма, өрүк, коконгилас, төө буурчак жана жашылчалардын бардыгы экспорттолот. Алар фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүлүп, сатыкка чыгат. Мындан улам өлкөнүн жашылча-жемиштерине суроо-талап жогору.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин рыногунда жашылча-жемиштерин экспортто менен атаандаштыкка туруштук бере алары тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин башкы адиси Кабылова Райла айтып берди.