Жогорку окуу жайларга гранттык орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү

Университетте студенттер окуп жатышат. Архив
Былтыркы окуу жылына алты миң гранттык орун бөлүнсө, быйыл ага төрт миң кошулганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миңге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн. Быйыл бул сан министрлер кабинетинин токтому менен 10 миңге чейин көбөйтүлгөн.
Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт:
Билим берүү жана илим министрлиги — 7 917 орун;
Саламаттык сактоо министрлиги — 405 орун;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 206 орун;
Ички иштер министрлиги — 130 орун;
Коргоо министрлиги — 125 орун;
Тышкы иштер министрлиги — 20 орун.
Мындан тышкары, компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3 900 гранттык орун бөлүнгөнү кошумчаланды.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин (СПМЭУ) ректору Игорь Максимцев менен жолугушту
РФтин Кыргызстандагы элчиси Петербургдагы университеттин ректору менен жолукту