Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы бир нече адамдын өмүрүн алды

Учурда каза болгондор менен жабыркагандардын саны такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Өрнөк айылында жол кырсыгы катталып, бир нече адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар да бар. Кырсык бүгүн саат 19:20да болуп, анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн.
Жеринде инспекторлор иштеп жатканы айтылды, каза болгондор менен жабыркагандардын саны такталууда.
Нарында микроавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты