Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЕБ опузасы Венгриянын тынчтык миссиясын токтотпойт. Өлкө ТИМинин билдирүүсү

Сийярто премьердин администрациясы союздаштарынын опузаларына көнүп деле бүткөндүгүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. ЕБ жетекчилигинин Венгрия менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышы жана коркутуулары Будапешттин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча тынчтык миссиясын токтото албайт. Бул туурасында аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Петер Сийярто РИА Новостиге айтты.
"Европанын согуштук маанайдагы саясатчылары тынчтык миссиясы башталары менен чыга калышты. "Бойкот жарыялайбыз, сүйлөшүүлөрдөн баш тартабыз, тоготпой коебуз" деп коркутушууда. Билесиздерби, мындай маанайдагы кадамдар тынчтык миссиябызды улантуудан баш тарттыра албайт. Алар бизди Украинадагы бул согушту тынчтык жол менен жөнгө салууга көбүрөөк күч жумшаганга жетелейт", — деген министр.
Ал ЕБдеги венгер өкүлчүлүгү аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Виктор Орбандын тынчтык миссиясынан кийин Евробиримдиктин жетекчилигинин конкреттүү кадамдар менен коштолгон опузалоолосуна туш болдубу деген суроого жооп берди.
Сийярто муну менен катар эле премьердин администрациясы мындай нерселерге көнүп деле бүткөндүгүн белгилеген.
"Биз патриоттук өкмөтпүз, биз Европа биримдигинин финансылык санкциясында турабыз. Андыктан, азыркыдан да ашып түшүп, кандай коркутууларды жасашарын түшүнбөй турам", — деп кошумчалаган ал.
Орбан жана ал жетектеген делегация 5-июлда Москвага келип, РФ лидери Владимир Путин менен жолуккан. Москвага болгон сапарды тынчтык миссиясынын кезектеги этабы деп атаган. Анда украин кризиси талкууланган. Венгер премьеринин айтымында, анын кадамы Украинада тынчтык орношун каалаган өлкөлөрдүн кызыкчылыгы менен да коштолгон. Чыгыш Европадагы чатакты чечүүнүн жолдорун издөөнү ал өзүнүн христиандык милдети деп атаган.
Европалык демократиянын башчысы Жозеп Боррель Венгриянын ЕБ кеңешиндеги жарым жылдык төрагалыгын көңүлгө албай, тышкы аренада Орбан ЕБдин өкүлү боло албайт деп Россияга жасаган сапары туурасында эскерип, Европа мандатына ээ эместигин жар салган.
Орбан андан кийн Кытайга барып, НАТО саммитинин алкагында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын эск-президенти Дональд Трамп менен да жолуккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан ЕБ лидерлерине Украинадагы согушту жөнгө салуу планын берди