Кыргызстан Россиядан сатып алган 7 негизги товар. Инфографика

Эки мамлекет тең ЕАЭБге мүчө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылы үч миллиард долларга жеткен. Ал эми быйыл январь-апрель айларына карата бул көрсөткүч бир миллиард доллардан ашып, былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматта Кыргызстан Россиядан сатып алган негизги жети товар төмөнкүдөй тизмектелген:
1.
Сап башында күйүүчү май турат. Кыргызстан беш айда 523 миллион долларга газ менен бензин сатып алган;
2.
Беш айда 129 миллион долларга кара металл сатып алынып, бул товар экинчи орунга чыккан;
3.
Ал эми үчүнчү орунда эгин (негизинен буудай) турат. Бул товарга 26 миллион доллардан ашык акча сарпталган;
4.
Автоунаалар төртүнчү орунда, алар 24 миллион долларга алынган;
5.
Бешинчи орунга какао менен шоколад кирген. Кыргызстандыктар беш айда бул товарга 19 миллиондон ашык доллар короткон;
6.
Алтынчы орунда жыгачтан жасалган буюмдар, алар 18,3 миллион долларга сатып алынган;
7.
Жетинчи орунда шекер турат. Кыргызстан бул товарды январь-май айлар аралыгында 17 миллион 900 миң долларга сатып алган.
ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жумушсуздуктун деңгээли. Инфографика