УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы эмне себептен кармалганын тактады

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасы кармалганын тастыктап, чоо-жайын кабарлады.
Анын тууганы өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. УКМК А.Т.О. түрк жараны менен сүйлөшүп алып, жергиликтүү ишкерлердин биринин акчасын ээлеп алганын билдирди. Жабырлануучу мамлекеттик комитетке арыз менен кайрылган.
"Шектүү менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгонуна карабастан, Ташиев объективдүү иликтөөнү жана юридикалык баа берүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.
Анын тууганы жана түрк жараны кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Алагөзов президент менен УКМК төрагасынын туугандарынын кармалышы тууралуу