ЦРУнун мурдагы агенти НАТО дагы кайсы жерде согуш чыгарарын айтты

Альянстын мүчөлөрүнүн биргелешкен декларациясында НАТО түштүк тараптагы арышын күчтөндүрүп, Иорданиянын борбору Амманда кеңсесин ачары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. НАТО өзүнүн саясатын, түптөлүшүн актап, кезектеги согуш отун жандырууга кызыкдар болгондуктан Жакынкы Чыгышта жаңы кеңсесин ачты. Бул туурасында ЦРУнун отставкадагы агенти Ларри Жонсон Geopolitical Trends YouTube каналына берген интервьюсунда айтты.
"НАТОнун Украинадагы миссиясы ийгиликсиз болуп калды. Ал аталган өлкө аркылуу согуш жүргүзүүгө аракет кылып, бирок утулду. Батыш мындай жыйынтыкка моюн сунду, андыктан НАТО жеңип алуу үчүн жаңы душмандарды издеп жатат", — деген эксперт.
Жонсондун айтымында, Түндүк альянс жаңы согуш отун тутандыруу менен өзүнүн түптөлгөндүгүн акташы мүмкүн, дал ушул себептен улам блок Жакынкы Чыгышта да жайгашууга ниеттенип жатат. Альянстын мүчөлөрүнүн биргелешкен декларациясында НАТО түштүк тараптагы арышын күчтөндүрүп, Иорданиянын борбору Амманда кеңсесин ачып, Ирактын бийлиги менен ишин улантары айтылган.
НАТОнун Югославияны бомбалоосу: кыйылган өмүрлөр, кыйраган экономика