Трамп Россияга каршы санкцияларды жактабай турганын айтты

РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жа алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. АКШ президенттигине талапкер Дональд Трамп санкция саясатын колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Bloomberg агенттигине берген маегинде айткан.
Мурунку өлкө башчыга азыркы администрациянын Россияга каршы жүргүзгөн саясатына мамилеси тууралуу суроо берилген.
"Мен санкцияларды жактырбайм", — деген Трамп.
Макалада экс-президент Тайванды Кытайдын кол салуусунан коргоо идеясы менен Россияны Украинадагы атайын операциясы үчүн жазалоо аракетин бирдей сындай турганын билдиргени айтылат.
РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жа алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын айтып келет.
Путиндин КЭДРге жасаган мамлекеттик сапары
Путин: санкция сала бергендерге каршы күрөштү улантабыз. Видео