Радио

Чуштуков: борбордогу коомдук жайларда майда таштанды челектер алынат

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков таштанды менен күрөшүүдө бүгүнкү күндө жасалып жаткан иштерге токтолду.
Sputnik
"Тазалык" муниципалдык ишканасы таштанды таштоочу жайларга видеокөзөмөл камераларын орнотууда. Натыйжада мыйзамсыз жерге акыр-чикир ыргыткандар аныкталат. Бул тууралуу Жолдош Чуштуков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, белгиленбеген жерге таштанды төккөндөрдүн видеолору мэриянын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, ошонун негизинде айып салынат.
"Кээ бир учурда таштанды урнага батпай, сыртка чыгып кетип жатат. Муну моюнга алышыбыз керек. Бизде шаар боюнча 912 таштанды таштоочу аянтча жана 5 849 контейнер бар. Булардын санын дагы көбөйтсөк, шаарыбыз кадам сайын акыр-чикир салынган жай болуп калат. Бул калаанын көркүн бузат. Тескерисинче, көчө, аялдама жана парктардагы урналардын санын азайтып жатабыз. Анын ордуна калдыктарды ыргытуучу чоң челектер коюлат. Мисалы, парктын кире беришине жана чыккан жерине гана коёбуз. Муну менен катар шаар тургундарын таштандыны саат кечки 7ден түнкү 12ге чейин чыгарууга чакырып жатабыз. Ал үчүн ушундай жазуусу бар пакеттерди үймө-үй кыдырып таратуудабыз. Анткени бул убакта жол тыгыны азайгандыктан техниканын жүрүшү оңой болот. Күндүз автоунааларын каалагандай токтотуп коюшат. Бул биздин машинанын кирип-чыгышына тоскоолдук жаратып жатат. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчуларында эс алуу жок. Күндүзү да, түндөсү да таштанды чыгарышат. Ошондой эле жаңы конуштарда жана жеке турак жайларда таштанды таштоочу аянтчаларды четинен алып жатабыз. Аларда таштанды жумасына бир жолу чыгарылат. Техникаларыбыздын эскилиги, таңкыстыгы көйгөй жаратып келет. Бузулуп калса, ордуна башка машина келгиче көчөлөр таштандыга толуп жатат", — деди Чуштуков.
Ал быйыл сентябрда "Тазалык" муниципалдык ишканасы 126 жаңы техника менен толукталарын кошумчалады.