Сталинград салгылашы: жеңиш, парад, туткун. Тарыхый видео

1942-жылдын 17-июлунда Сталинград салгылашы башталып, эки жыл өткөн соң ошол эле күнү Москвада "Жапырт вальс" өтүп, ага туткундалган немецтер да катышкан.
Sputnik
Ошол кездеги элге кеңири тарап кеткен голливуддук мелодраманын аты операцияга коюлганы Иосиф Сталинге жаккан. Ал союздаштарга советтик аткаруудагы "кинону" көрүү ашыкча болбостугун айткан.
Өзү басып жүрө алган он миңге чукул туткунду Беларустун темир жолу аркылуу Бобруйск жана Витебск станцияларына алып келишкен. Андан соң 19 немец генералы баш болгон душмандын жоокерлери салынган 40 эшелон Москвага бет алган. Алар Беларусь, Прибалтика, Чыгыш Польшада кармалгандар эле.
42 миңдик колонна башкы көчөлөрдүн биринде саат жебесинин багыты менен шакекче болуп өткөн. Генералдар менен полковниктерди аскердик кийимчен атайын калтырылган ордендери менен, ал эми 15 миңдик топту ошол көчөдөн сааттын айланган жебесине каршы бастырышкан. Колоннанын артынан Москванын көчөлөрүн фашисттердин ыпластыгын, изин жууш үчүн суу чачкан машина жүрүп отурган. Бир айдан кийин, 16-августта, мындай жүрүш Киевде кайталанган.
Тархыка кайрылсак, айыгышкан салгылаш 200 күнгө созулган. Эки тараптан бул кандуу булоонго 2,1 миллион адам катышкан. Акырында Советтер Союзунун (СССР) ар улуттан турган жоокерлери жеңген.
Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган.
СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл Армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.