Лавров БУУ жыйынында: АКШ Украина менен Газадагы жаңжалдын катышуучусу

Министрдин айтымында, эгерде Вашингтон Тель-Авивди колдоону токтотсо Газадагы кан төгүү да токтойт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. АКШ Израилге курал-жарак жеткирүү менен Украинадагыдай эле андагы жаңжалдын түздөн-түз катышуучусу болуп калды. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эгерде Вашингтон Тель-Авивди колдоону токтотсо Газадагы кан төгүү да токтойт.
"Ага карабастан Кошмо Штаттар аны токтотууну каалабайт же токтото алышпайт", — деген Лавров.
Министр Израилдин катарында масштабдуу жаңжалга ага коңшу өлкөлөрдү, тактап айтканда, Ливанды да тартуу коркунучу турганын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: АКШнын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт