Радио

Rest point борборлору туристтик жерлерге гана курулат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун биринчи вице-президенти Асылбек Алиев республика аймагында быйыл жолдун боюна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган 10 чакты борбор ачыларын айтты.
Sputnik
Rest point борборлору туристтик гана жерлерге курулат. Буга чейин жалпы 68 пункт кыска убакытта ачылары айтылган. Бирок аны ар кайсы жерге жайгаштыра берүүнүн кажети жок экендигин Асылбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туристтик борборлор көбүнчө Ысык-Көл жана Ош облусунда курулуп жатат.
"Туризмди колдоо фонду өлкөдөгү туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча иштерге басым жасап келет. Буга чейин Кыргызстандагы туристтик жолдорго эс алууга келген конокторду тейлөөчү 68 борбор салынары айтылган. Бирок аны ар кайсы жерге жайгаштыра берүүнүн кажети жок деп чечкенбиз. Мындай пунктуларды кыска мөөнөттө куруп, пайдаланууга берүү кыйын. Бүгүнкү күндө жети пункт иштеп, конокторду тейлеп жатат. Быйыл жыл аягына чейин дагы 10 чакты борборду пайдаланууга беребиз. Жалпысынан 20га чукулдап, тейлөө сапаты жакшырып калат деп турабыз. Мындан тышкары, фонд эс алуучулар үчүн борборлорду салууда, эл аралык донорлор менен да кызматташып жатат", — деди Алиев.
Ошондой эле ал четтен келген меймандарга өлкө тууралуу толук маалымат берип, туристтик маршруттарды тааныштырууда санариптик платформалар түзүлөрүн кошумчалады.