Илбирс, аркар, аюу... Жаныбарларды атууга салынган айыптын суммасы өстү

Айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнүн максаты — өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Жаныбарлардын айрым түрлөрүн аткандар үчүн айып көтөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүүнүн максаты — өсүмдүктөрдү жана фаунаны коргоонун натыйжалуу системасын түзүү.
Айып пулдун көлөмү:
ак илбирс — 2 миллион сом (1,5 млн сом болчу);
аркар, күрөң аюу, марал (бугу), жейрен — 1,5 миллион сом (1 миллион сом болчу);
кийик — 300 миң сом (100 миң сом болчу);
элик — 100 миң сом (50 миң сом болчу).
Ошондой эле бул жаныбарларга аңчылык кылгандар тууралуу маалымат бергендерге айыптын жарымы сый акы катары берилет.
Аюу, бугу, илбирс. Нарын коругунда фотокапканга түшкөн жаныбарлар. Видео