Алтындын рекорддук баасы Улуттук банктын куймаларына кандай таасир этүүдө

Шейшемби күнү ЖМКлар алтындын наркы тарыхый рекорд койгонун жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Акыркы күндөрү Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы көтөрүлүүдө.
Кечээ ЖМКлар алтындын унциясы (31,1 грамм) 2466 долларга жетип, баасы жаңы рекорддук көрсөткүчкө жеткени жазышкан.
Баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын Лондон ассоциациясынын кечки баасы 2443,2 долларга жетти (10-июлда 2384,4 доллар болчу). Мунун Улуттук банктын куймаларынын наркына дагы таасири бар.
Улуттук банктын бир граммдык куймаларына баанын өзгөрүшү:
11-июль — 7 983,5 сом;
12-июль — 8 038;
15-июль — 8 031;
16-июль — 8 070,5;
17-июль — 8 125,5.
Ал эми 100 граммдык алтын куймалар ушул эле мезгилде 683,2 миң сомдон 697,8 миң сомго чейин кымбаттады.
Бир жумада күйүүчү майдын, алтындын баасы жана валютанын курсу кандай өзгөрдү. Сандар