Президенттин тууганы Улан Жапаров кайрадан кармалды

Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектелип 2023-жылдын июнь айында кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Садыр Жапаровдун жакын тууганы Улан Жапаров кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалыматынан белгилүү болду.
Билдирүүгө ылайык, УКМК аны жабырлануучуларга ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектеп кармаган. Сот аны 19-августка чейин камакка алды.
Улан Жапаров — мамлекет башчынын атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.
Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектелип 2023-жылдын июнь айында да кармалган. Төрт айдан кийин анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлүп, иши сотто каралып жаткан.
Садыр Жапаров: иним экен деп камабай койсом, башка инилерим аралаша баштайт