Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

Мамлекеттик сапарга карата бир катар экономикалык, маданий иш-чаралар уюштурулары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
"Анда кызматташуу жана алаканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы эки өлкөнүн маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышат. Ошондой эле президенттер ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизишет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана ректорлордун жыйыны болору кошумчаланды.
Садыр Жапаров Дональд Трампка кол салууну айыптады