Ош шаарында ипотекалык программа менен 12 кабаттуу 8 үй курулат

Элди турак жай менен камсыздоо максатында өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатканы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
1 / 3

Ош шаарында мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна капсула салынды

2 / 3

Маалыматка ылайык, 1,3 гектар жерге 12 кабаттан турган 8 үй түшөт. Анда жалпы 528 батир болот. Курулуш мөөнөтү — 1,5 жыл.

3 / 3

Турак жай комплексинде спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлар жана соода борборлор болору белгиленди

Маалыматка ылайык, 1,3 гектар жерге 12 кабаттан турган 8 үй түшөт. Анда жалпы 528 батир болот. Курулуш мөөнөтү — 1,5 жыл. Турак жай комплексинде спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу, коомдук тамактануучу жайлар жана соода борборлор болору белгиленди.
"Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. "Менин үйүм 2021-2026" турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган", — деп жазылган маалыматта.
Курулуш бүткөндөн кийин батирлер 4 жана 8 пайыз менен 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилери кошумчаланды.
Талас шаарында 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды