Талас шаарында 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Өлкөнүн бир катар аймагында ипотекага берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Талас шаарында көп функционалдуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцбаракчасынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки гектар жерге 5 кабаттуу 10 үйдүн курулушу пландалууда. Жалпы 310 батир болот.
"Жакынкы жылдары бардык облустарда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, турак жайга муктаж болгон жарандарыбызга ипотекага беребиз. Карапайым калктын үйгө болгон муктаждыгы акырындык менен чечилет. Курулуштун сапаты президенттин жеке көзөмөлүндө болот. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер тынымсыз мониторинг жүргүзүп, курулуш материалдар атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат", — деп жазган Туманбаев.
Ошондой эле үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8 пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилери кошумчаланды.
Садыр Жапаров 10-15 жылдан кийин турак жай көйгөйү болбой турганын айтты