УКМК элди Ташиевге блогерлер аркылуу эмес түз кайрылууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. УКМК Камчыбек Ташиевге кайрылчуларды блогерлерди ортомчу кылбоого чакырды.
Мекеменин тараткан эскертүүсүндө айрым блогерлер жана интернет активисттери Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, акчага жарандардын маселесин чечүүдө жардам убадалап жатышат.
"Камчыбек Ташиев атайын кызматтын кабылдамасына жана электрондук почтасына келген каттарга көз жүгүртүп турат. Ошондуктан мамкомитет ар кандай алдамчылыктарга жол бербөө максатында мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК төрагасы менен тааныштыкка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткандар 0-312-62-05-85 номерине кайрыла аларын эске салды.
УКМК: чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып акча талап кылгандар кармалды