Коргоо министри Бекболотов Казакстандагы "Бірлестік-2024" машыгууларын көрдү

Казакстанда өтүп жаткан аскердик машыгууларга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын жоокерлери катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Казакстанда өтүп жаткан "Бірлестік-2024" окуу-машыгуулардын жүрүшүн көрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Казакстанда өтүп жаткан "Бірлестік-2024" окуу-машыгуулардын жүрүшүн көрдү

2 / 4

Министр Казакстандын суучулдар борборуна барып, ал жерден курал-жарак жана техникалык каражаттарды көргөн

3 / 4

Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын аймакта өтүүдө

4 / 4

Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат

Министр Казакстандын суучулдар борборуна барып, ал жерден курал-жарак жана техникалык каражаттарды көргөн.
"Бактыбек Бекболотов Казакстандын №25744 аскердик бөлүгүнө барып, ал жактан окуу тренажерлордун иши көрсөтүлгөн. Андан тышкары, министр Оймаша полигонунда болуп, машыгууга катышып жаткандардын жайгашкан жерин жана тамактануусун көрүп чыкты. Жыйынтыгында ал байкоо мунарасынан мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча машыгуу эпизоддорун көрдү", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, аталган иш-чара Мангистау облусунда 8-июлдан бери Оймаша полигонунда жана Токмакка жакын аймакта өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аскер контингенттери катышып жатат.
Машыгууга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыкчам тобу жана "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын 50гө жакын өздүк курамы барган.
"Бірлестік-2024": спорттук мелдештерде кыргыз жоокерлери 1-орунду алды. Видео