Акылбек Жапаров: быйыл экономикада чоң өзгөрүүлөр башталат

Минкаб төрагасы өлкөнүн экономикасы өсүп жатканын белгилеп, демди дагы күчөтүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Быйыл экономикада чоң өзгөрүүлөр башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынына катышкан.
"Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги "жолборс секирик" деп аталса, "илбирстин секигин" жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, биринчи космостук ылдамдыктан экинчи космостук ылдамдыка өтүү керек", — деген өкмөт башчы.
Минкаб башчысы өлкөнүн экономикасы өсүп жатканын белгилеп, былтыр ИДПнын орточо өсүү темпи 7 пайызды түзсө, быйыл биринчи кварталда 8,8 пайызга чейин өскөнүн билдирген. Анын айтымында, 2024-жылдын биринчи жарымында экономиканын өсүшү 8,1 пайызды түздү, Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9 пайыз, ИДП 559 миллиард сомго жеткен.
Кыргызстан Россиядан сатып алган 7 негизги товар. Инфографика