Өлкөдө өндүрүлгөн эт, сүт жана жумуртканын көлөмү өстү

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Өлкөдө жыл башынан бери 95,8 миң тонна эт өндүрүлүп, былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 563 тоннага көп болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул малдын көбөйүшү менен байланыштуу. 2023-жылдын аягына карата өлкөдө уй 18,8 миңге, кой жана эчки 15, миңге, жылкы 8,5 миң башка жана канаттуулар 620 миңге көбөйгөн.
"Алты ай ичинде республикада 148 миллион жумуртка өндүрүлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 13,4 миллионго көбүрөк. Акыркы учурларда республиканын бардык облустарында жумуртка өндүрүү көбөйүүдө", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле январь-март айында республикада 2,8 миллион тонна сүт өндүрүлүп, бул өткөн жылга караганда 5 408 тоннага көп экени айтылды.
Радио
Кабылова: көчөттөр менен жашылча-жемиштердин экспорту өстү