Россиянын Кыргызстандагы элчиси Татарстан премьеринин орун басары менен жолукту

Татарстан Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Татарстандын премьер-министринин орун басары Васил Шайхразиев менен жолугушту.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда орус-кыргыз аймактар аралык байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды.
"Россиянын аймактарынын ичинен Татарстан Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы кызматташтык активдүү өнүгүп жатат. Жакында эле Советтер Союзунун Баатыры, татар акыны Муса Жалилдин эстелигинин ачылышы болду. 2024-2025-жылдары Татарстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда", — деди элчи.
Татарстандын вице-премьери: Кыргызстандын инвестиция үчүн чоң потенциалы бар